Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №37
Ак-Сай айыл өкмөтүө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ө алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү тартиби жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, Ак-Сай айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-янаварынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тешебаев Давлатбек Турсунович бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Талиев |