Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №38
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин, Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Дача участкасынан 0,17га жер тилкесине чек ара кызматынын чек ара өткөрүү бекетин, Ак-Сай айылынын 0,20га жер тилкесине кыш (песко блок) чыгаруу цехин куруу үчүн, Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Дача участкасындагы №927-контурундагы 0,17га суугат айдоо жер тилкесине чек ара өткөрүү бекетин жана Ак-Сай айылынын №1110-котурундагы 0,20га айдоо жер тилкесине кыш (песко блок) чыгаруу цехин куруу үчүн жалпы 0,37га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Талиев |