Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №39
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин, “калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Кара участкасынан 0,50га жер тилкесине эс алуу жайын, Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасына 0,15га жер тилкесине тиш дарылоочу жайын курууга жана айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын ден-соолугун чыңдоого шарт түзүп берүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылынын Кара участкасындагы №975-контурундагы 0,50га таштуу жайыт жер тилкесине эс алуу жайын курууга, Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасындагы №889-контурундагы 0,15га таштуу жайыт жер тилкесине тиш дарылоочу жайын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Талиев |