Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 4-1
2020-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоорун жана 2021-2022-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
2020-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020- жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 25050900 (жыйырма беш миллион элүү миң тогуз жүз) сом;
Теңдештирилген грант – 1 215 200 (бир миллион эки жүз он беш миң эки жүз) сом.
Баардыгы: 26 266 100 (жыйырма алты миллион эки жүз алтымыш алты миң бир жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
Башкаруу аппараты – 16 194 900 (он алты миллион бир жүз токсон төрт миң тогуз жүз) сом;
Мектептер – 6 034 000 (алты миллион отуз төрт миң) сом;
Бала бакчалар – 2 730 000 (эки миллион жети жүз отуз миң) сом.
Айыл чарбасынын башка кызмат көрсөтүүлөрүнө- 89 000 ( сексен тогуз миң) сом ;
Баардыгы: 26 266 100 (жыйырма алты миллион эки жүз алтымыш алты миң бир жүз) сом.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2021-2022-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2021- жылга 28 303 400 сом мунун ичинен:
- теңдештирилген грант- 1 290 000 сом
- жергиликтүү кирешелер – 27 013 400 сом
- 2022-жылга 29 137 500 сом мунун ичинен:
- теңдештирилген грант-886 100 сом
-жергиликтүү кирешелер- 28 251 400 сом
3. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
4. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К. Асанбаева |