Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 4-10
Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген жана бала бакчалардын өздүк салымы үчүн каралган акча каражаттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген 306,1 (үч жүз алты миң бир жүз) сом жана 2019-жылдын бюджетинде бала бакчалардын өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилген 312,0 (үч жүз он эки миң) сом акча каражаттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген 306,1 (үч жүз алты миң бир жүз) сом жана 2019-жылдын бюджетинде бала бакчалардын өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилген 312,0 (үч жүз он эки миң) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан каржылоо статьясы өзгөртүлүп, жетишсиз болгон электр энергия үчүн которулуп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К. Асанбаева |