Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 4-11
«Ат-Башы-Дордой» базарынын жетекчиси Ж. Бакасовдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 10-декабрындагы чыгыш №1980 сандуу катында көрсөтүлгөн «Ат-Башы-Дордой» базарынын жетекчиси Ж. Бакасовдун жекшемби күндөрү мал базардын түндүк тарабындагы Ж. Чоробаев атындагы көчөсүнөн кирүүчү автоунааларга эртең мененки саат 06-00 дон кечки 16-00 го чейин чектөө киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы маселе боюнча юристтер менен иш алып барып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечилип берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К. Асанбаева |