Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 4-12
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты К. Айдыралиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылдын кеңешинин депутаты К. Айдыралиевдин айыл ичиндеги көчөлөрдү ген.планга ылайык тартипке келтирүү боюнча жазган кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын ички көчөлөрүн ирээтке келтирүү үчүн айыл тургундарынын турак жайларынын, короо жайларынын жайгаштырылышы (кызыл сызыктан чыгып кеткендер) боюнча иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнөн, Ат-Башы райондук экотехинспекциясынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы райондук филиалдарынан суралсын;
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын;
Төрага | К. Асанбаева |