Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 6-1
«Н.Исанов атындагы айыл аймагынын участкалык бөлүмчөсүнө ардагер милициянын отставкадагы майору ,маркум Суранов Айтибай Шамурзаевичтин наамын ыйгаруу» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын ардагер милициянын отставкадагы майору,маркум Суранов Айтибай Шамурзаевичтин эл үчүн аткарган кызматын,коомдук тартипти камсыз кылууда,кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү эмгектерин эске алуу менен коом ардактаган инсандын наамын Н.Исанов атындагы айыл аймагынын участкалык бөлүмчөсүнө ыйгаруу үчүн тургундардын сунушун, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин, угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын ардагер милициянын отставкадагы майору,маркум Суранов Айтибай Шамурзаевичтин наамын Н.Исанов атындагы айыл аймагынын участкалык бөлүмчөсүнө ыйгаруу камсыз кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиянын төрайымы М.Ташбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Тойчуев |