Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 6-3
« Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) мүчөлүгүнө (резерв) талапкер көрсөтүү» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде аймактагы коомдук,жамааттык уюмдардын чогулуштарынын протоколдору, талапкерлердин документтери менен тапшырылып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштун протоколу бекитилсин.
2.Көрсөтүлгөн талапкердин өздүк документтери Ноокат АШК сына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиянын төрайымы М.Ташбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Тойчуев |
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин
№7 чакырылышынын кезексиз
6-отурумуна (сессиясына) №1 тиркеме
Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) мүчөлүгүнө (резерв) талапкер
К№ | Талапкердин аты жөнү | Туулган жылы, айы,күнү | Аткарган кызматы, каерде | Паспорт сериясы |
1 | Осмоналиев Алмазбек Шарипович | 03.02.1973 | Ноокат аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы | ID1215601 |
Жооптуу катчы Н.Атаканова