Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 6-4
« Ноокат-Папан көчөсүндөгү жолдон өтүүчү оор жүк көтөргөн автоунаалар » жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ноокат-Папан көчөсүнөн өтүүчү оор жүк көтөргөн автоунаалар жолду бузуп,турак-жайларга коопсуздук жаратып,көпүрөлөрдү бузулууга алып келип,аймакка зыян келтирип жаткандыктан,тургундардын арыздарын, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ноокат-Папан көчөсүнөн өтүүчү оор жүк көтөргөн автоунаалардын зыяндуулугунан мамлекеттик жолду ,көпүрөлөрдүн бузулуусун,элдин коопсуздугун сактоо камсыз кылынсын.
2. Ноокат-Папан көчөсүнөн бир мостко 5 тоннадан ашык жүк ташылбасын.Бул боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө,Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмчөсүнө билдирүү берүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Юлдашевге милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Тойчуев |