Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 6-7
“Күңгөй-Кожоке айылындагы Төш участкасындагы №461-контурдагы 2,0 га таштак,Тескей-Кожоке айылындагы Тескей бөлүмүндөгү №10-контурдагы 0,1 га таза жайыт аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” “Өнөр жайынын, транспорттун ,байланыштын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке жана Карабаш айылдарындагы Төш участкасындагы тургундардын жашоосунун жагдайларын эске алып,жасалма сугат үчүн курулуучу дюкер ыкмасынын каналынын элдин экономикасына, жашоо денгээлин көтөрүүгө чоң салымы жөнүндө Айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Күңгөй-Кожоке жана Карабаш айылдарындагы Төш участкасындагы жасалма сугат үчүн курулуучу дюкер ыкмасынын каналы курууга алынсын.
2. Жогорудагы айтылган жагдайларды эске алуу менен аталган контурдагы жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,15,17,20,32 беренелеринин,Кыргыз республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу(трансформациялоо)» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №16 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу «трансформациялоо)»тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун негизинде «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» «Өнөр жайынын,транспорттун, байланыштын,коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга мыйзам чегинде макулдук берүү менен тийиштүү мекемелерге кайрылуу жасоо айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
3 . Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Тойчуев |