Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 6-8
« Кекиликтерди атпоо,жаныбарларды коргоо » жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыттагы кекиликтерди атып жок кылуудан жана жаныбарларды азайып кетүү ,жок болуп кетүү коркунучунан сактоо боюнча айылдык кеңештин депутаты М.Сыдыковдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап,Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыттагы кекиликтерди атып жок кылуудан жана жаныбарларды азайып кетүү ,жок болуп кетүү коркунучунан сактоо камсыз кылынсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыттагы кекиликтерди атып жок кылуудан жана жаныбарларды азайып кетүү ,жок болуп кетүү коркунучунан сактоо жана алдын-алуу үчүн тийиштүү органдарга кат жөнөтүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Юлдашевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Тойчуев |