Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 7-4
«Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы муктаж болгон үй бүлөлөргө берилүүчү көмүр маселеси» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы күз-кышка кам көрүүдө муктаж болгон үй бүлөлөргө берилүүчү көмүр тууралуу айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир айылдагы муктаж болгон үй бүлөлөр көмүр менен камсыз кылынсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы муктаж болгон үй бүлөлөрдү 20-январга чейин көмүр менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Тойчуев |