Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 7-1/1
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетин бөлүүдө,
айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 8351,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 200000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга
- 358700 сом Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка чыгымдарына
- 120000 сом Айылдык Кеңетин №27-7 токтомунун негизинде
- 770202 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 250000 сом Айыл аймагына караштуу айылдардын ген планан сыздырууга
- 200000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 89896 сом Федоров айылынын ички арыктарын техника менен тазалоого
- 300000 сом Жар-Коргон айылынын ички арыктарын техника менен тазалоо үчүн
- 170000 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарын тазалоого
- 1000000 сом Кожоке айылынын Эрешов,Матибаев,Мырза-Дөбө көчөлөрүн асфальтоо - 550000 сом Федоров айылынын Төш участкасына таза сууга
- 300000 сом Жаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга
- 104000 сом Кожоке айылынын Койчукулов көчөсүнө мамыча
- 51900 сом Кожоке айылынын Сулайманов көчөсүнө мамыча алууга
- 86500 сом Кожоке айылынын Акматов көчөсүнө мамыча алууга
- 34600 сом Кожоке айылынын Полотов К көчөсүнө мамыча алууга
- 34600 сом Кожоке айылынын Жаштар көчөсүнө мамыча алууга
- 34600 сом Кожоке айылынын Алиев Д көчөсүнө мамыча алууга
- 480000 сом Чеч-Дөбө айылынын Молдо Мажит көчөсүнөн күнгөй
тарапка өтүү үчүн сайга көпүрө курууга
- 216000 сом Чеч-Дөбө айылынын Т.Калбаев, Ы.Боронов көчөлөрүнө
мамыча жана чубалгыларына
- 500000 сом Жар-Коргон айылынын жаңы конуштарына мамыча, чубалгы алууга
- 300000 сом Жар-Коргон айылына Федоров каналынан келген агын сууна
сайдын үстүнөн өткөрүүгө трубага
- 400000 сом Жаңы-Базар айылынын Байыш участкасындагы бала бакчага
- 600000 сом Алтын-Казык орто мектебинин от казанын оңдоого
- 400000 сом Алтын-Казык орто мектебине кичи футбол аянтчага
- 200000 сом Кожоке атындагы орто мектебинин тосмосуна
- 200000 сом Кичик-Алай айылындагы мектептин өздүк салы
- 120000 сом К.Жолдошов атындагы орто мектебине
- 200000 сом Интернет линясын тартып келүүгө
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | М. Тойчуев |