Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/11
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылындагы №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылындагы №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылындагы №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 760 663 (эки миллион жети жүз алтымыш миң алты жүз алтымыш үч) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20% 552,132 (беш жүз элүү эки миң бир жүз отуз эки) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Жээнбеков Д. |