Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-ноябры №38/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылынын Алымбек Датка көчөсүнүн тургуну Кадырова Өмүркан Шапаңовнанын өзүнүн кызы үчүн бала бакчага төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотуп берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айылынын Алымбек Датка көчөсүнүн тургуну Ө.Ш.Кадырованын арызын карап чыгып жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси Манас кызы Дамиранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылында жайгашкан №2 «Дөөлөт» балдар бакчасында тарбияланып жаткан 18.09.2017-жылы туулган Кадырова Зулпина ата энелер төлөмүнөн бошотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектен суралсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |