Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 39/1
Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02.2013-жылдагы № 23 Мыйзамынын негизинде Гүлчө айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин(протоколдор тиркелет).
2. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын:
Убукеева Чынара – Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн жашоочуларынан;
Примкулова Калбү- Жылы-Суу жамаатынан
Кадырбаев Муртаза – Жылы –Суу айылынан
Жороев Абазхан – «Адылжан ака» жамаатынан
Пазылова Рысгүл – «Дубанаев» жамаатынан
Айткулов Аман – «Кырк күнгөй» жамаатынан
3. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы Э.Кадыровага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |