ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 40-отуруму
2019-жылдын 25-декабры № 40/4
Гүлчө айылындагы Уметалиев көчөсүндөгү мурдагы бала бакча деп салынып бүтпөй турган бош имаратты калкка кызмат көрсөтүү үчүн убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отурум
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансында турган Гүлчө айылындагы Уметалиев көчөсүндөгү мурдагы бала бакча деп салынып бүтпөй турган бош имаратты ремонттон өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын тактап, сметасын түзүү Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципиалдык балансында турган Гүлчө айылындагы Уметалиев көчөсүндөгү мурдагы бала бакча деп салынып бүтпөй турган бош имарат калкка кызмат көрсөтүү үчүн тишелүү мекемелерге убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |