Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 40/5
Гүлчө айылындагы Алымбек датка, Нарматов көчөлөрүндөгү эскилиги жетип коопту болуп калган теректерди кыюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 40-отуруму Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Алымбек датка көчөсүндөгү 18 (он сегиз) түп терек, Нарматов көчөсүндөгү 14 (он төрт) жалпы 32 терек кыйдырылсын.
2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |