Редакцияот 27.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Гүлчө айылдык кеңешинин 6 - чакырылышынын 41 - отуруму

 

2020-жылдын 27-январы № 41/5

Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө таза суу» муниципиалдык ишканасын ачуу жөнүндө

 Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө таза суу» муниципиалдык ишканасы ачылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Жээнбеков Д.