Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы №41/7
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жана КБФнын жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү 21.01.2018-жылдагы Гүлчө айылдык Кеңешинин №16/8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 41 - отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06. 2007-жылы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Таласбеков Султанбек- Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. Кадырова Элиза- Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
3. Каришов Султанбек- Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
комиссиянын мүчөсү,
4. Байгазаков Төлөн- Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5. Талантбек уулу Азамат- Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6. Какаров Рустам- Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси, комиссиянын
мүчөсү.
7. Тоймаматов Максутали- Таш-Короо айылынын айыл башчысы- комиссиянын мүчөсү.
8. Молдоматов Каныбек- Жылы-Суу, Кара-Булак айылдарынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
9. Сопуев Өмүрбек- Чакмак айылынын айыл башчысы- комиссиянын мүчөсү.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак жана Чакмак айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол эле жерлердин ижара акыларынын баштапкы баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
--- 1,0га кайракы айдоо жер үчүн- 400-00сом болуп бекитилсин.
--- 1,0га чөп чабынды жер үчүн – 350-00сом болуп бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиясынын курамындагы айрым кызматкерлердин кызмат орду алмашкан учурда кийинки келген кызматчыга жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |