Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы №41/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык жерлерди жана Гүлчө айылында жайгашкан Алымбек Датка, Курманжан Датка сейил бактарынын ошондой эле Жеңиш аянтын территориясынан убактылуу пайдаланууга алган жер участокторунун ижара акысынын баасын бекитүү жөнүндөгү 19.01.2013-жылдагы Гүлчө айылдык Кеңешинин №2/7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 41- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-5-пункттарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Гүлчө айылындагы муниципалдык жерлердин убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысы бир жылына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-- 1,0чарчы метрден- 30,0чарчы метрге чейин, ар бир чарчы метрине 120 (бир жүз
жыйырма) сомдон.
-- 31,0чарчы метрден- 50,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 100(бир жүз) сомдон.
-- 51,0чарчы метрден - 100,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 70(жетимиш)
сомдон.
-- 101,0чарчы метрден - 200,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 50(элүү) сомдон.
-- 201,0чарчы метрден - 300,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 30(отуз) сомдон.
-- 301,0чарчы метрден жогору 20(жыйырма) сомдон болуп бекитилсин.
2. Таш-Короо,Кара-Булак, Жылы-Суу, Чакмак жана Курманжан Датка айылдарындагы муниципалдык жерлердин убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-- 1,0чарчы метрден- 30,0чарчы метрге чейин, ар бир чарчы метрине 90,0 (токсон)
сомдон.
-- 31,0чарчы метрден- 50,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 70(жетимиш) сомдон.
-- 51,0чарчы метрден - 100,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 50(элүү) сомдон.
-- 101,0чарчы метрден - 200,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 30(отуз) сомдон.
-- 201,0чарчы метрден - 300,0чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 20(жыйырма) сомдон.
-- 301,0чарчы метрден жогору 15(он беш) сомдон болуп бекитилсин.
3.Гүлчө айылында жайгашкан Алымбек Датка, Курманжан Датка сейил бактарында жана Жеңиш аянтынын территорияларынан убактылуу берилген жерлердин пайдалануу ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-- 1,0чарчы метрден-100,0чарчы метрге чейин, ар бир чарчы метрине 50,0(элүү) сомдон.
-- 101,0чарчы метрден-500,0чарчы метрге чейин, ар бир чарчы метрине 30,0(отуз) сомдон.
-- 501,0чарчы метрден- жогору, ар бир чарчы метрине 20,0(элүү) сомдон.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жерлерге орнотулган ар бир жарнамалык тактайчага убактылуу пайдалануу ижара акысы бир жылга 5000,0 (беш миң)сом болуп бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана салык инспекторлоруна тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |