Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы №41/9
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жараксыз, түшүмдүүлүгү начар, жер көчкү жүргөн, суу, арык, канал боюндагы жана жар алдындагы жерлерден убактылуу көрктөндүрүү үчүн берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндөгү 19-январь 2013-жылы чыккан Гүлчө айылдык Кеңешинин №2/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 41- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-5-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жараксыз, түшүмдүүлүгү начар, жер көчкү жүргөн, суу, арык, канал боюндагы жана жар алдындагы жерлер жер кодексинин 7-беренесинин негизинде убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында убактылуу пайдаланууга, көрктөндүрүүгө берилген жерлер Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык пайдалануу ижара акысы
-- Гүлчө айылына- бир сотых жерге- 50 (элүү) сомдон,
-- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башка калктуу конуштарга- бир сотых жерге- 50 (отуз) сомдон болуп бекитилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана салык боюнча инспекторлоруна тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |