Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-сентябры № 14/3
Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-чү Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) жөнүндө” убактылуу жобосунун 14-пунктуна ылайык, Жайыл районунун комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) боюнча, арыздарды кароо жана даярдоо жөнүндөгү” кортундусу менен таанышып жана карап чыгып, Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Присельный” жер тилкесинин 93-чү контурунда жайгашкан “Северэлектро” ААКна караштуу иштеп турган электр станциясын мыйзамдаштыруу үчүн, жалпы аянты 757,35 ч.м. түзгөн жер тилкесин, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин
2. Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын башчысына Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Присельный” жер тилкесинин 93-чү контурунда жайгашкан “Северэлектро” ААКна караштуу иштеп турган электр станциясын мыйзамдаштыруу үчүн, жалпы аянты 757,35 ч.м. түзгөн жер тилкесин, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп берүү өтүнүчү жолдонсун.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү агрардык маселелер боюнча, депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |