Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 55
Жер тилкесинин категориясын которуу тууралуу
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А. Баковдун кайрылуусу менен таанышып чыгып жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 03-майындагы жыйынтыктоонун негизинде, жана КР Жер Кодексинин 13-ст., КР “Жерлерди которуу(трансформациялоо)” Законунун, Жерлерди которуу (трансформациялоо) положениясынын 14-пунктына ылайык, Сары-Коо айылдык кеӊешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу жерди которууга (трансформациялоо) - макулдугу берилсин.
2. Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу 281.5 кв.м. “Айыл чарба жерлерине багытталган аянты” жеринен, көмөкчордон турган жайыт жеринин категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, коргоо, энергетика жана башка жерлер” категориясына которулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э.А. |