Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №226/31-4
Токмок шаарынын мэринин 2019-жылдын 9 айдын бекитилген шаардык бюджеттин социалдык-экономикалык абалы жана аткаруусу тууралуу отчету жөнүндө
Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин “2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бекитилген шаардык бюджеттин социалдык-экономикалык абалы жана аткаруусу тууралуу” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин 2019-жылдын 9 айдын эсебинен бекитилген шаардык бюджеттин социалдык-экономикалык абалы жана аткаруусу тууралуу отчету эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |