Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 227/31-4
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, сакталышын камсыз кылуу жана каттоо боюнча иши жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, сакталышын камсыз кылуу жана каттоо боюнча иши жөнүндө” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, сакталышын камсыз кылуу жана каттоо боюнча аткарылган иши жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешев муниципалдык мүлктүн реестрин киргизүү боюнча талаптарды сактасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |