Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 228/31-4
Токмок ш. аймагында жарнактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайгаштыруу жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Жарнактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайгаштыруу жөнүндө” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Токмок ш. аймагында тышкы жарнама каражаттарын жайгаштырууну тартипке салуу үчүн жана жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Токмок ш. аймагында жарнактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайгаштыруу жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. ММБнын башчысы – М.К.Макешев 2020-жылдын II кварталына чейинки мөөнөттө:
- Токмок ш. аймагындагы жарнак иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн.
- Токмок ш. аймагында жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштырууну тартипке салуу боюнча чараларды көрсүн.
- Токмок шаарынын аймагында сырткы жарнактардын мазмуну жана жайгаштыруунун ошондой эле сырткы жарнак каражаттарынын тартиби жөнүндөгү Жобону иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |