Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 229/31-4
Токмок ш. аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар жөнүндө
Токмок ш. өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын “Токмок ш. аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар туралуу” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.Абдулаевдин “Токмок ш. аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар тууралуу” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. мэри Д.Д.Амангельдиев:
Токмок шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү көзөмөлгө алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |