Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 230/31-4
Токмок ш. аймагында көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарын камсыз кылуу жөнүндө
Токмок ш. КИКтин директорунун “Токмок ш. аймагында көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарын камсыз кылуу жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. КИКтин директору Э.Т. Жакупбековдун “Токмок ш. аймагында көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарын камсыз кылуу жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. КИКтин директору Жакупбеков Э.Т:
- шаардык көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызмат көрсөтүүлөрүнө көзөмөлдөө жүргүзсүн.
- көрүстөнгө жер тилкесин аныктоо боюнча ишин пландаштырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |