Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 26-декабры № 232/31-4

Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен келип түшкөн 30800,0 миң сом суммасында акча каражатын “Токмок Жылуулук” МИнын Токмок ш. калкка жылуулук энергиясын берүү жана иштеп чыгуу боюнча кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарына компенсация алууга максаттуу трансферттердин багытталуусу жөнүндө

Токмок ш. мэри Д.Дж.Амангельдиевдин 2019-жылдын 4-ноябрындагы №1912/1-4 жана 2019-жылдын 6-ноябрындагы №1912/1-4 келип түшкөн каттарынын негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен 30800,0 миң сом суммасында келип түшкөн максаттуу трансферттер максаттуу багыты боюнча, б.а.“Токмок Жылуулук” МИнын Токмок ш. калкка жылуулук энергиясын берүү жана иштеп чыгуу боюнча кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарынын компенсациясы үчүн, “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча, Токмок ш. ММБ аркылуу жиберилсин.

2. “Токмок Жылуулук” МИнын директору (Шамиль уулу Тамерлан) бөлүнгөн каражаттарды багыты боюнча гана пайдалансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев