Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №233/31-4
Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүнүн тизмеси бюджеттик ассигниованиелердин жылдырууларынын эсебинен №1, №2 жана №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын кызматкерлерине материалдык жардам үчүн 2019-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 298,6 миң сом суммасында, анын ичинен Асанов Бердибек Асановичке 65 жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 32,4 миң сом суммасында эки айлык эмгек акы акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (№4 тиркеме).
3. 2019-жылдын жыйынтыгы менен мыкты спортчуларды, машыктыруучуларды жана окутуучуларды сыйлоо үчүн “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренеси боюнча, Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 159,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жамаатына материалдык жардам көрсөтүүгө жана жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн бюджеттик ассигнованиелерин 15,1 миң сом суммасында “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинен “Маяна” 2111 беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
5. Токмок ш. маданият бөлүмүнүн (Токмок ш. маданият аппараты) бюджеттик ассигнованиесин 9,3 миң сом суммасында “Социалдык фондго төгүмдөр” 2121 беренесинен “Маяна” 2111 беренесине жылдырууга макулдук берилсин;
5.1. Токмок ш. маданият бөлүмүнүн (Токмок ш. борборлоштурулган китепканалар тармагы) бюджеттик ассигнованиелери “Маяна” 2111 беренесинен 12,4 миң сом суммасында азайтылсын;
5.2. Токмок ш. маданият бөлүмүнүн (Токмок ш. жергиликтүү тарых музейи) бюджеттик ассигнованиелери “Маяна” 2111 беренесине 10,7 миң сом суммасында жана “Социалдык фондго төгүмдөр” 2121 беренесине 1,7 миң сом суммасында көбөйтүлсүн.
6. Токмок ш. ММБнын мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Кубатбек уулу Азатка шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өз убагында жана натыйжалуу аткарган иши үчүн, Токмок ш. ММБнын эмгек акы фондунун ичинен 15,5 миң сом суммасында бир айлык эмгек акынын өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин |
| ||||||||||||||||||
2019-жылдын 26-декабрындагы |
| ||||||||||||||||||
№ 233/31-4 токтомуна |
| ||||||||||||||||||
№4 тиркеме |
| ||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||
2019-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарынын эсебинен |
| ||||||||||||||||||
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ киргизилген ѳзгѳртүүлѳрдун |
| ||||||||||||||||||
ТИЗМЕГИ |
| ||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||
(миң сом) | |||||||||||||||||||
Бѳлүмдѳр | Бѳлүмдѳрдүн (мекемелердин) аталышы | Бардыгы | анын ичинде: | ||||||||||||||||
Маяна | Соц. Фондго тѳгүмдѳр | Кызм.иш сапарларына чыгымдар | Байланыш кызматын кѳрсѳ түү | Транспорттук кызмат кѳрсѳ түүлѳ р | Башка тейлѳѳ кызматтарын алуу | Тамак-аш азыктарын алуу | Мулкту учурдагы ондоо | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предм.жана матер.сатып алуу | |||||||||||
| 2111 | 2121 | 2211 | 2212 | 2214 | 2215 | 2218 | 2221 | 2222 | ||||||||||
| Кɵбɵйтүлсүн: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар (КР Финансы министр.Чүй башкармалыгы) | 298,6 | 298,6 |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
| Бардыгы | 298,6 | 298,6 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||||||||
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | С.Кабаева | ||||||||||||||||||
КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы | Г.Жумалиева | ||||||||||||||||||