Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 234/31-4
“Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери” жана “С. Ибраимов көчөсү боюнча КДТнын эски нугун калыбына келтирүү” долбоорлоруна Чүй областтык өнүктүрүү фондунун каражаттары аркылуу конкурска катышууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Дж.Амангельдиевдин катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери” жана “С. Ибраимов көчөсү боюнча КДТнын эски нугун калыбына келтирүү” долбоорлоруна Чүй областтык өнүктүрүү фондунун каражаттары аркылуу конкурска катышууга макулдук берилсин.
2. Токмок ш мэри:
- “Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери” долбоорун ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катарында 2020-жылга бюджеттин долбоорунан 4,5 млн. сом суммасында акча каражатын карасын.
- “С. Ибраимов көчөсү боюнча КДТнын эски нугун калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катарында 2020-жылга бюджеттин долбоорунан 1,5 млн. сом суммасында акча каражатын карасын.
3. “Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери” долбоорун ишке ашыруу боюнча мониторингдик топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Аилчиева А. | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Дуйшенов У. | - Токмок ш. мэриясынын башкы адиси; |
Исманова Г. | - Токмок ш. ММБнын жетектөөчү адиси; |
Хамидулина Т.А. | - №19 кварталдык комитетинин төрайымы; |
Эсеналиев А. Абдрахманов А. | - Токмок ш., Жантаев көч., 23/23 дарегинин тургуну; - Токмок ш., Гагарин көч., 78 дарегинин тургуну; |
Алкожоев К. | -Токмок ш.,Тоголок Молдо көч.,29 дарегинин тургуну. |
4. “С. Ибраимов көчөсү боюнча КДТнын эски нугун калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча мониторингдик топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Ваншу Ю.О. | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Малабаева Ф.А. | - Токмок ш. ЖЭӨ бөлүмүнүн башчысы; |
Кусанов С.А. Рыжих С.В. | - Токмок ш. ММБнын бөлүм башчысы; - №4 АКӨАБнун төрайымы; |
Жылдызев М. | - Токмок ш., Балкашин көч., 31 дарегинин тургуну; |
Абдрахманов А. | - Токмок ш., Гагарин көч., 78 дарегинин тургуну; |
Акишова Г. | - Токмок ш., Токмок көч., 71 дарегинин тургуну. |
5. “С. Ибраимов көчөсү боюнча КДТнын эски нугун калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Каптагаева Г.Э. | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Туратбек уулу А. | - Токмок ш. мэриясынын башкы адиси; |
Кубатбек уулу А. Нурманбетова М.Б. | - Токмок ш. ММБнын бөлүм башчысы; - №44 кварталдык комитетинин төрайымы; |
Жаркынбаева К.А. | - Токмок ш., Победа көч., 138 дарегинин тургуну; |
Сапарова Н.Б. | - Токмок ш., Шамси көч., 4/30 дарегинин тургуну; |
Бейшеева Д. | - Токмок ш., Шамси көч., 354/25 дарегинин тургуну. |
6. “Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери” долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Батырбек уулу А. | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Чечейбаев Ж.Т. | - Токмок ш. мэриясынын башкы адиси; |
Сапарбаев А. Хамидулина Т.А. | - Токмок ш. ММБнын башкы адиси; - №19 кварталдык комитетинин төрайымы; |
Джукешова Н. | - Токмок ш., Зеленая көч., 21 дарегинин тургуну; |
Канатбек уулу К. | - Токмок ш., Гвардейская көч., 24 дарегинин тургуну; |
Солтонкулова Р.Т. | - Токмок ш.,Дубовицкая көч.,63/26 дарегинин тургуну. |
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |