Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 235/31-4
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин 2019-жылдын 22-ноябрындагы чыг.№1307/1-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө” кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №170/26-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы төмөнкү түрдө бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы -Батырбек уулу Арнур Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Комиссиянын катчысы - Эсеналиев Мирбек Таалайбекович Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын каржы-бюджет координация бөлүмүнүн башкы адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Бейшеналиева Айнура Таштанбековна – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
-Эшенов Элчибек Акматбекович – “Адилеттүү келечек” коомдук фондунун жергиликтүү менеджери;
-Насеков Айбек Рыспекович – “Токмок жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы;
-Усупбеков Калыс Дамирбекович – “Общество Карнелиуса” коомдук фондунун мүчөсү; -Есенбаев Усенбек Есенбаевич – “Есенбаевдердин үй-бүлөсү” кайрымдуулук фондунун төрагасы;
-Лавринович Ольга Викторовна - “Общество Карнелиуса” коомдук фондунун төрайымы;
-Киртенов Жамангул Камчибекович - “Жетинчи апрельдин баатырлары” коомдук бирикмесинин мүчөсү.
3. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны көзөмөлдөө жоопкерчилиги Токмок шаарынын биринчи вице- мэрине (Чотбаев К.К.) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |