Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 242/31-4
Токмок шаарынын ММБнын түзүмүн бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Дж.Амангельдиевдин катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун тузүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысынын эмгек акысын каржылоо токтотулсун.
2. Токмок ш. ММБнын түзүмүнө - мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө долбоорлор менен иштөө боюнча адис - бир штаттык бирдиги Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысынын эмгек акысынын эсебинен киргизилсин.
3. Токмок ш. жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысынын функционалдык милдеттери Токмок ш. вице-мэрине жүктөлсүн.
4. Токмок ш. ММБнын түзүмүнө “Ишеним телефону-146” кызматы боюнча төрт штаттык бирдик киргизилсин.
5. Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 80/12-3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме
Токмок ш. кеңешинин
2019-жылдын 26-декабрындагы
№ 242/31-4 токтомуна тиркеме
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын түзүмү
Башкармалыктын башкаруучусу |
Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү (5) |
Бөлүмдүн башчысы
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис
Тендердик документацияны даярдоо боюнча жетектөөчү адис
Смета түзүү боюнча жетектөөчү адис
Долбоорлор менен иштеген адис |
Муниципалдык менчик объектилерин каттоо боюнча бөлүмү (5) |
Бөлүмдүн башчысы
Объектилер жана курулмалар боюнча башкы адис
Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис
Ижара боюнча жетектөөчү адис
Жер маселелери боюнча адис |
МИнин ишмердүүлүгүнө, капиталдык курулуш жана шаардык инфраструктурага мониторинг жүргүзүү бөлүмү (4) |
Бөлүмдүн башчысы
Турак жай саясаты жана турак жай фондун эсепке алуу боюнча башкы адис МИ жана коммуналдык кызматтардын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча башкы адис капиталдык курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча жетектөөчү адис |
Укуктук-документациялык камсыздоо бөлүмү (4) |
Бөлүм башчысы
Укуктук маселелер боюнча башкы адис
Курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча жетектөөчү адис
Кадрлар боюнча адис
|
Техникалык тейлөө персоналы (8) |
- Башкы бухгалтер - Материалдык бухгалтер - Кассир - Документациялык камсыздоо боюнча адис - Архивариус - катчы иш кагаздарды жүргүзүүчү - Комендант - Чарба башчысы
|
Кичүү тейлөө персоналы (20) |
- электр жабдууларын оңдоо боюнча ширетүүчү - кызматтык автоунаанын айдоочусу - сантехник - мэриянын имаратын жыйнап тазалоочусу - ММБнын жыйнап тазалоочусу - ТРЭСТ имаратын жыйнап тазалоочусу (2) - ТРЭСТ имаратынын кароолчусу (4) - «Айнек» АКтын кароолчусу - «ЖТБ» имаратынын кароолчусу(2) - №13 орто мектебинин жатаканасынын имаратынын кароолчусу (2) - курулуш иши токтоп калган мектеп имаратынын кароолчусу (2) - короо шыпыруучу (2) |