Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 243/31-4
“Ак-Була” АКнун бала бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Дж.Амангельдиевдин “№16 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын жана ага тиешелүү жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 3 кичирайонунда жайгашкан “Ак-Була” АКнун бала бакчасынын имаратын жана ага тиешелүү жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Социалдык инфрастуктуранын ушул объектиси жеке жана юридикалык жактарга тартуулого жана менчикке берүүгө болбойт деп эсептелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |