Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 245/31-4
Токмок шаарындагы үйлөрдүн даректүү номерлерин өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоо боюнча 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн, үйлөрдү номерлештирүүдө үйлөрдү кыдыруу жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди тартипке келтирүү максатында, ошондой эле жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Токмок-Чүй аймактык башкармалыгынын 2019-жылдын 9-августундагы №01-10/845 катынын негизинде, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 1 Тиркемеге ылайык 137 үйдүн номерлештирүүсү өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Токмок филиалы (Момункулов М. А.), архитектура жана шаар куруу боюнча Токмок башкармалыгы (Кыдырбаев А. Ю.) эсептик, инвентаризациялык маалыматтарга жана даректик каттоого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |