Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 246/31-4
Республикалык маданият колледжине Насыр Давлесовдун ысымын ыйгарууга жана аталышын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Республикалык маданият колледжинин “Республикалык маданият колледжине Насыр Давлесовдун ысымын ыйгарууга жана аталышын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Республикалык маданият колледжине Насыр Давлесовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токмок ш. Республикалык маданият колледжинин аталышы Республикалык маданият жана искусство деп колледжи деп өзгөртүлгөнгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |