Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 26-декабры № 248/31-4

 «Кыргыз Темир Групп» ЖЧКга мүлк салыгынан жана жер салыгынан 5 жылдык мөөнөткө толук бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин 2019-жылдын 12-декабрындагы чыг.№2135/1-4 “ «Кыргыз Темир Групп» ЖЧКга мүлк салыгынан жана жер салыгынан 5 жылдык мөөнөткө толук бошотууга макулдук берүү” жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Темир Групп» ЖЧКга Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн учурдан баштап мүлк салыгынан жана жер салыгынан 5 жылдык мөөнөткө толук бошотууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияна жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев