Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 249/31-4
Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы “Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонууга ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Дж.Амангельдиевдин “Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы “Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонууга ижара төлөмүнүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтомунун №1 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
К1 – экономикалык-пландаштыруу зонасынын коэффициенти:
3 - пункт Татар көчөсүнөн кийин төмөнкү көчөлөр менен толукталсын: (Узбек көчөсү (Совет көчөсүнөн Кыргыз көчөсүнө чейин), Дунларов көчөсү (Совет көчөсүнөн Кыргыз көчөсүнө чейин), Кыргыз көчөсү (Дунларовдон Узбек көчөсүнө чейин) Совет көчөсү (Дунларовдон Узбек көчөсүнө чейин).
- КЗ – төмөнкүлөр алдында берилген функционалдык багыттагы жер участокторунун коэффициенти:
“автоунаа токтотуучу жай - 4” 30-пункту 30-пунктун а) “акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жай - 4” деп өзгөртүлсүн;
ошол эле 30-пунктуна б) “акысыз автоунаа токтотуучу жай” 1000 ч.м. чейин – 0,5 жана 1000 ч.м жогору – 1,0 деген толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |