Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 252/31-4
Муниципалдык менчикке кыймылдуу мүлктү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “Диаметри 400 мм, узундугу 1200 метр болгон түтүктү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш иштетүүчү темир жол тармагынан баштап Токмок-Мичурин автоунаа жолуна чейин 3 метр тереңдикте жайгашкан, диаметри 400 мм, узундугу 1200 метр бир катарлуу металл түтүгүнөн болгон түтүктү Токмок ш. ММБнын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |