Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 253/31-4
Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга сунушталган иш планын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №9/4-4 токтому менен бекитилген Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин | ||||
2019-жылдык 26-декабрындагы | ||||
№ 253/31-4 токтомуна тиркеме | ||||
Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы | ||||
№ |
| Каралуучу маселелер | Аткаруучулар, мэрия тарабынан жооптуу адамдар | Бул маселелер боюнча туруктуу комиссиялар |
1 | 1-квартал | 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планынын аткарылышы жөнүндө отчет жана 2020-жылга планды бекитүү | Токмок ш. мэри | Бюджеттик комиссиясы |
2 | Токмок ш. мэриясынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету | Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы | Бюджеттик комиссиясы | |
3 | Токмок ш. 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө | Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы | Бюджеттик комиссиясы | |
4 | 2-квартал | Калкты ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу жөнүндө отчет | Токмок ш. мэри, "Токмок Водоканал" МИнын директору | Өнөр-жай жана социалдык комиссиялары |
5 | Муниципалдык жолдордун абалы жөнүндө | Токмок ш. мэри, ММБнын башчысы | Муниципалдык менчик боюнча жана өнөр-жай комиссиялары | |
6 | Токмок ш. жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу | Токмок ш. биринчи вице- мэри, КИКтин директору | Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы | |
7 | Токмок ш. КИКтин аткарылган жумуштары жөнүндө отчету: парктардын, дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу жана парктардын ирригациялык системасын жүргүзүү, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу | Токмок ш. биринчи вице- мэри, КИКтин директору | Бюджет жана экология боюнча комиссиясы | |
8 | Токмок ш. архитектурасынын жер пайдалануу эрежелерин аткаруу жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу иши жөнүндө | Токмок ш. биринчи вице-мэри, башкы архитектор | Өнөр-жай комиссиясы | |
9 | 3-квартал | Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн бекитилген бюджетти аткаруу | Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы | Бюджеттик комиссиясы |
10 | Токмок шаарынын коммуналдык кызматтарын 2020-2021 жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө | Токмок ш. биринчи вице-мэри, "Токмок Жылуулук" МИ, "Теплоснабжение" директорлору | Өнөр-жай комиссиясы | |
11 | Токмок ш. ШИИБдин коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылган иши жөнүндө отчет | Токмок ш. мэри, ШИИБдин башчысы | Укук тартиби жана коргонуу боюнча комиссиясы | |
12 | Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калктын бош убактысын өткөрүүнү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө жөнүндө | Токмок ш. вице-мэри, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы | Социалдык комиссиясы | |
13 | Шаардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жагындагы көзөмөлдөө, китепканалардын иши, элдик көркөм чыгармачылыктын иши жөнүндө | Токмок ш. вице-мэри, маданият бөлүмүнүн директору | Социалдык комиссиясы | |
14 | 4-квартал | Токмок ш. ММБнын муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Токмок ш. аймагында жарнакты жайгаштыруу боюнча жасалган иштери жөнүндө | Токмок ш. биринчи вице-мэри, ММБнын башчысы | Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы |
15 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө | Токмок ш. мэри, ӨКМдин башчысы | Экология боюнча комиссиясы | |
16 | ЧРАСӨБдүн үй-бүлөлөрдү коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо боюнча отчету | Токмок ш. вице-мэри, ЧРАСӨБдүн башчысы | Социалдык комиссиясы | |
17 | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу жөнүндө | КИКтин директору | Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы | |
Жооптуу катчы С.А.Кабаева | ||||