Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 76/ХV-27
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтү эркин калдыктан Нооруз күнүнө карата кызматкерлерди сыйлоо жана аларга дем берүү максатында кызматкерлерге 1 айлык маяна каралсын, 70111 бөлүктүн 2111 элементине 161,3 м.сом 2121 элементине 27,8 м.сом каралсын.
2. Нурманбет айыл өкмөтү балдар аянтчасын курууга эркин калдыктан негизги эсептен 70823 бөлүктүн 3111 элементине 200,0 миң сом каралсын.
3. Нурманбет айыл өкмөтү М.Койбагаров орто мектебинин электр энергиясына эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 2231 элементине 120,0 м.сом каралсын.
4. Нурманбет айыл өкмөтү М.Койбагаров орто мектебинин жылытуу системаларын жакшыртуу үчүн электроконвектор сатып алууга эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 3112 элементине 100,0 м.сом каралсын.
5. Нурманбет айыл өкмөтү А.Молдокулов орто мектебинин ашканасын оңдоп түзөөгө эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 3111 элементине 121,7 м.сом жана 2215 элементине 3,3 м.сом каралсын.
6. Нурманбет айыл өкмөтү А.Молдокулов орто мектебине видеокөзөмөл орнотууга эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 2222 элементине 30,0 м.сом каралсын.
7. Нурманбет айыл өкмөтү негизги эсептен эркин калдыктан канцелярдык товарга 70111 бөлүктүн 2222 элементинен 30,0 м.сом ,информациялык стендке 70629 бөлүктүн 3111 элементине 30,0 м.сом каралсын.
8. М.Койбагаров атындагы орто мектебине ажааткана салуудагы кошумча жумушту бүтүрүүгө 70921 бөлүгүнө 3111 элементине 29,5 м.сом каралсын.
9. М.Койбагаров жана А.Молдокулов атындагы орто мектептеринин мугалимдерин жана окуучуларын жетишкендиктери боюнча сыйлоого 70921 бөлүгүнө 2215 элементине 15,0м.сом каралсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |