Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 17/2
Красный Восток айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/4 “Кара-Балтажолкурулуш” ЖЧКсынын ижара келишимин түзүүсү жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31; 36–беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү” Мыйзамынын 56-беренесинин негизинде, ошондой эле Красный Восток айыл өкмөүнүн жер маселелери боюнча адиси А.М. Токчулуковдун Красный Восток айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги токтомун жокко чыгааруу тууралуу маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кеңешинин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл районунун Красный Восток айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21 апрелиндеги №14/4 “Кара-Балтажолкурулуш” ЖЧКсынын “Ижара келишимин түзүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын өздүк сайтында жарыялансын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).
3. Жайыл районунун Красный Восток айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13 мартындагы №17/2 “Красный Восток айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/4 “Кара-Балтажолкурулуш” ЖЧКсынын “Ижара келишимин түзүү жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү” токтому Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинин Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгында, юстиция Министирлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |