Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 79/ХV-27
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтү негизги эсептин эркин калдыктары төмөнкүдөй бөлүнсүн:
1.1. Нурманбет айыл өкмөтү Жайыт комитети АРИС аркылуу прицеп алууга эркин калдыктан 70429 бөлүктүн 3112 элементине 80,0 м.сом каралсын.
1.2. Кыргыз ССРнин мурдагы финансы министри А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына карата эркин калдыктан 71092 бөлүктүн 2215 элементине 5,0 миң сом каралсын.
1.3. Нурманбет айыл өкмөтү Нурманбет айылындагы спорт комплексинин жарымысын капиталдык ремонттон өткөрүүгө эркин калдыктан 70823 бөлүктүн 3111 элементине 104,9 м.сом каралсын.
1.4. Нурманбет айыл өкмөтү М.Койбагаров орто мектебинин окуучуларына жайкы лагерь уюштурулуп, аларды ысык тамак менен камсыз кылуу максатында эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 2218 элементине 11,0 м.сом каралсын.
1.5. Нурманбет айыл өкмөтү А.Молдокулов орто мектебинин ашканасын оңдоп түзөөгө эркин калдыктан 70921 бөлүктүн 2215 элементине 1,5 м.сом каралсын.
1.6. Нурманбет айыл өкмөтү А.Токтоналиев айылындагы футбол аянтчасын жасалма газон менен камсыз кылууга эркин калдыктан 70823 бөлүктүн 3112 элементине 240,0 м.сом каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |