Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 80/ХV-27
Жайыт колдонуучулардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын,малдын башына төлөмдөрдүн баасын жана кызматкерлердин айлык акысын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы 2018-2022- жылдарга карата жайыттарды пайдалануу планын,мал башына төлөмдөрүн,жайыт комитетинин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселении карап жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети сунуштаган бир жылда бир жолу төлөнө турган төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
-ири мүйүздүү бодо малдын башына -86 сом
-жылкы башына- 86 сом
-тай,торпок башына -60 сом
-кой,эчки башына-17 сом
-жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы-5000 сом
-эсепчинин айлык акысы-4000 сом
-кароолчунун айлык акысы- 1000 сом
-эмгек акылары 10 айга эсептелсин
2. Жайыт колдонуучулардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы 2018-2022- жылдарга карата жайыттарды пайдалануу планы бекитилсин.
3. Жайыт комитети сунуштаган бир жылдык бюджети 298464 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |