Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №85/ХV11-27
Сейталиев Майрамбектин претензия катын кароо жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Первомай айылынын тургуну Сейталиев Майрамбектин претензия каты каралды.Ал 11.05.2009-жылы Нурманбет айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн сатыктын негизинде М.Койбагаров атындагы орто мектебинин от калоо имаратын сатып алган. Ысык-Ата райондук прокуратурасынын доо арызынын негизинде 31.05.2019-жылдагы Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен сатып алуу келишими мыйзамсыз деп табылып от калоо имараты айыл өкмөтүнүн балансына артка алынган.Сейталиев М катында сатып алуу келишимдин негизинде Нурманбет айыл өкмөтүнүн кассасына төккөн 194 миң сомду жана имаратты оңдоп-түзөөгө кетирген 448 231 сомду кайрып берүү жөнүндө кайрылган.Претензия катты карап чыгып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейталиев Майрамбекке айыл өкмөттүн кассасына төккөн 194 миң сом 3 жылдын ичинде төлөп берүү графиги түзүлүп,төлөнсүн
2. От калоо имаратын оңдо-түзөөгө кетирген 448 231 сомду төлөөдөн баш тартып,сот органдарына кайрылууну сунуштайт
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Андашов |