Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №86 /ХV11-27
Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айыл өкмөтүндө муниципалдык ишкана ачуу жана Уставын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында таштандыларды чогултуу, айлананы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн иш-аракеттерди аткаруу максатында муниципалдык ишкана ачуу муктаж болуп жаткандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазиевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл аймагында Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын ачылуусуна уруксат берилсин.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын “Нурманбет айыл өкмөтүнүн тазалык комбинаты” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
3. Бекитилген Нурманбет айыл аймагынын “Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын” Уставы Чүй облустук юстиция башкармалыгына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.
4. Бул токтом жана устав Нурманбет айыл өкмөтүнүн nurmanbet.kg веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомду аткаруу Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Байгазиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Андашов |