Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы №93 /Х1Х-27
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы П.Джумабекованын 2019–жылдагы Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө маалымдамасын талкуулап,жергиликтүү бюджеттин айылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын белгилеп айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн киреше булагы 2019 -жылга 12805,0 миң сомго,чыгаша булагы 9197,3миң сомго аткарылышы тууралуу маалымдамасы бекитилсин;
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 12670,0 миң сомго жана чыгаша булагы негизги каражаттар боюнча 11470,0 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар боюнча 1200,0 миң сомго бекитилсин;
Төмөнкү бөлүктөргө бекитилди:
-Аппарат 3583,0миң сом - Социалдык камсыздоого 478,0 миң сом
-ЖКХ 1981,0 миң сом - Жайытка 80,0 миң сом
-Коомдук тартип 20,0 миң сом -Атайын эсеп 1200,0 миң сом
-Библиотека 292,7 миң сом
-Клуб 650,4 миң сом
-Баладар бакчалары 968,1 миң сом
-Мектептерге 3416,8миң сом
3. 2020-жылдын эркин калдыгы 3450,9 миң сом бекитилсин;
-Атайын каражаттардын эркин калдыгы 156,7миң сом бекитилсин;
4. Айыл өкмөтүнүн накталай кассалык обороту 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин;
5. 2020-жылга карата бөлүмдөр боюнча шаттык жүгүртмөлөр төмөнкүдөй бекилсин
70629 ЖКХ -253,6миң сом
70821 Китепкана -144,8миң сом
70823 Клуб -334,4миң сом
6. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысына 2020-жыл ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүн ашыра аткаруудан жана эркин калдыкты колдонуудан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү бекитилген сметага тактоо жана өзгөртүү киргизүү укугу берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Сагынбекова |