Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 132/XIX-27
Социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттердин отчету жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Чуйтиевдин айыл аймагында 2019-жылы социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттер отчетун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Чуйтиевдин айыл аймагында 2019-жылы социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттери канааттандырарлык деп кабыл алынсын. Айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй булөлөр менен тыгыз байланышта иштеп, өз мөөнөтүндө материалдык жардам берилип турсун.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Төрага | А. Албекенов |